Эне-тилим, эне сүтүм!
23- сентябрь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү. Бул күн билим берүү мекемелеринде кыргыз тили боюнча ар кандай сынактар, концерттик программалар менен коштолот. №1 «Байчечекей» мектепке чейинки билим берүү уюмунда мамлекеттик тилди үйрөнүүдө көп көңүл бурулат. Бүгүн кыргыз тил мугалими Абдыманапова Г.Д. жана музыка мугалими Ильясова А.Д. №5 жана №6 даярдоо топтордун ортосунда мелдеш өткөрүлдү. Мелдеште кыргыз тилинде ырлар аткарылды, мамкал — лакаптар жана жомоктор айтылды. Балдар «Манас» эпосунан үзүндү айтып, кыргыз улуттук бийлерин бийлешти. Тайпалар арасындагы мелдеште «ДОСТУК» жеңип чыкты.
Комментарии