Биз Манастын урпактарыбыз!!!
1-декабрь куну “МАНАС ТААНУ” №1 “Байчечекей” мектепке чейинки билим берүү уюмунда “Манас” эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча бир айлыктын жыйынтыктоочу күнү болуп өттү. Кыргыз тил мугалими Абдыманапова Г.Д. Манас таануу боюнча бир ай ичинде өтүлгөн иш чаралар менен тааныштырды. Анын ичинде Ата -энелер менен балдардын биргелешип тартылган сүрөттөрүнүн “Манастын бала чагы!” атуу көргөзмөсү, тайпалардагы бир айлык иш планы боюнча өтүлгөн ийлеп чаптоо, сүрөт сабактарындагы тарбиялануучулардын иштеринин жыйынтыктоочу көргөзмөлөрү менен тааныштык.Андан тышкары ар бир тайпадагы “Манас борборлору”, Манжа, стөл жана куурчак театрлары көргөзүлдү. Ар бир тайпада тарбиячылардын жүргүзүлгөн иш чаралары портфолиодо толукталып жасалган. Абдыманапова Г.Д. даярдоо тайпанын балдары менен “Манастын балачагына” арналган жыйынтыктоочу ачык сабагын көрсөттү. Ал жакта балдар Манастын бала чагы жөнүндө өздөрүнүн билимдерин көрсөтүштү, Манас эпоснан үзүндүлөр айтылды жана “Манастын Ошпурга малай кылып берген” учуранан куурчак театры аркылуу театралдаштыруу көрсөтүлдү.
Комментарии